3 килограммга жакын баңгизатты сатып жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды

Баңгизатты ири өлчөмдө сатууга аракет кылып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын (жалпы салмагы 2,98 килограмм гашиш) сатууга аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран кармалды. Азыркы учурда кармалган адам Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.