«30 букасын берүүгө мажбурлаган». Чүйдө 56 жаштагы жаран бычакталып өлтүрүлдү

Чүй облусунда оор кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-февралда милицияга айылдардын биринен ээси жок унаа табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ээси жок Тойота Лэнд Крузер Прадо үлгүсүндөгү унаадан 100 метр аралыкта бир нече жолу бычак сайып өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери өлгөн жарандын аты-жөнүн аныктап, ал Бишкек шаарынын 56 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. Анын 7-февралдан бери Бишкектин Свердлов районунда дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгондугу маалым болгон.

Аталган факты Сокулук РИИБге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектелип, Чүй облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө маркум бычакталган. Мындан тышкары кылмышка шектүү жабырлануучуну ферма кызматкерине 30 баш бодо малын берүүгө мажбурлаганы тууралуу маалымат бар. Андан ары өлтүрүлгөн адамдын сарайына келип, 30 буканы жүктөп, чыгып кеткен. Учурда тергөө иштери уланууда.