Экотехинспекциянын инспектору 30 миң сом талап кылууга шектелип кармалды

Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөлдөө боюнча инспекциясынын ага инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору Кыргыз жаранынан 30 миң сом акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы тастыкталып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кечээ, 3-мартта жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору кармалды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.