Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Төмөнкү Орок айылынын тоо бетинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкени ошол Орок айылынын тургуну өзүм билемдик менен эч кандай уруксат кагаздары жок, жеке көрүстөн уюштуруп, маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп сатып жаткандыгы маалым болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
«Маркумду көмүүгө жай бөлүп берем» деп, 40 миң сом алып жаткан жеринен Төмөнкү Орок айылынын 1957-жылы туулган тургуну кармалган.