УКМК тарабынан коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун алкагында сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А.С кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 доллар суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулаган. Маселен, 421 долларга (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатып алынган. Ошондой эле, 207 долларга (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган. Алсак, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668 доллар (110 миллион сомдон ашык) өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган.
Эл аралык донорлор тарабынан республикада өнөр жайларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан көптөн бери уурдалып, долбоорлор талаптагыдай ишке ашпай келген. Мындай жагдай мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын өлчөмүнүн негизсиз көбөйүшүнө алып келет жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө орду толгус зыян келтирет. Учурда УКМК тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишинин жүрүшүндө УКМКнын төрагасы менен жана мурдагы башкы прокурору менен байланышым бар деген шылтоо менен...
30-июнда Бишкек шаарында Тез жардам кызматына "баланын ичи ооруп жатат" деп чалышып, педиатриялык бригада айтылган дарекке барган. Дарыгерлер бейтапты көргөн...
Бүгүн, 1-июлда саат 14:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 57-чакырымында Хундай-Грандиор үлгүсүндөгү унаасы батыштан чыгышка бара жаткан учурда ошол эле...
Социалдык тармакта Жалал-Абад облусунун аймагында “LEXUS LX 570” үлгүсүндөгү авто унаа кошумча үн коштоочу каражаттарды мыйзамсыз орноштуруп, каршы тилке менен...