«4 бала атасыз калды». Жалал-Абадда таң эрте катталган кырсыктын чоо-жайы

Бүгүн, 13-майда ӨКМден Жалал-Абадда жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумуп, 13 адам жаракат алганын, алардын арасында балдар бар экенин маалымдашкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсык тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, Honda Stepwgn унаасынын 1980-жылы туулган айдоочусу, 1996-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) менен бара жаткан. Ал эми ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү унаанын 1995-жылы туулган Кош-Дөбө айылынын тургуну башкарып бара жаткан. Унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 1984-жылы, 1981-жылы, 1986-жылы туулган айылдаштары болгон. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ 2106 унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган жаран көз жумган. Калган жүргүнчүлөр Аксы ооруканага жеткирилген. Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Аксы ооруканасынан биринчи жардам алып, чыгып кетишкен. «Каза болгон жарандын үй-бүлөсү бар. 4 баланын атасы. Эч жерде иштебейт», — дешти.

ӨКМден облустук жол тескөөчүлөрдүн маалыматын толуктап, Honda Stepwgn унаасында жалпы 10 киши болгонун билдиришти. «Унаада 4 эркек киши, 3 аял киши, 3 бала болгон. Ал эми ВАЗ 2106 унаасында 4 эркек киши болгон. Бирөөсү көз жумду», — дешти.