«Төртөөнүн сөөгү өлүкканадан, сегизи абактан табылган». Орусияда 9 ай ичинде 64 Кыргыз жараны дайынсыз жоголгон

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте аталган өлкөнүн аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2021-жылдын 9 айында өкүлчүлүккө Орусия Федерациясында дайынсыз жоголгон 64 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү тууралуу кайрылышкан. Жүргүзүлгөн иштерди жыйынтыгында 57 жаран аныкталган, анын ичинде 47 жаран бул жылы, 10 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.

«Быйыл изделип жаткандардын ичинен 4 жарандын жансыз денеси киши колдуу болгон белгилери жок өлүкканадан табылган, 1 жарандын тек-жайы таанылган эмес, ал боюнча туугандык мамилесин тастыктоо боюнча экспертизасынын (ДНК) натыйжасында таанылып, учурда процессуалдык текшерүү жүргүзүлүүдө. 1 жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн табылган, 8 жаран эркинен ажыратылган жерлерден аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми өткөн жылдардан бери изделип жаткан 5 жарандын жансыз денеси өлүкканадан киши колдуу болгон белгилери жок табылса, 1 жаран эркинен ажыратылган жерден табылган. 4 жарандын туугандары менен байланышпай, үй-жайсыз калышканы аныкталган.

Учурда ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөр менен биргеликте дайынсыз жоголгон дагы 7 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 3 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 4 жаран изделүүдө.