4 жаштагы кыздын көлгө чөгүүсү. Ыктыярчы Айдана Оторбаева кызды табууга бардык ресурсту жумшоо керектигин айтып, президентке кайрылуу жасады (видео)

18-июль күнү Тору-Айгыр айылында чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишанын издөө иштерине ыктыярчы катары барган блогер, жарандык активист, фуболчу Айдана Оторбаева президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылды.

— Бүгүн Аишанын изделип жатканына 18 күн болду. Техника бул жакта турсун, издеген адамдар аз болуп жатабыз. Катер менен издеген ӨКМ менен жергиликтүү тургундардын издөөсү жетишсиз. Издөө иштери макисималдуу жыйынтыгын берүүсү үчүн дагы көп ресурс керек болуп жатат. Биз, ыктыярчылар, Аишанын үй-бүлөсү президент Садыр Жапаровго керек болгон ресурстун баарын издөө ишине тартып, көмөк көрсөтүүнү суранабыз», — деп кайрылган Айдана Оторбаева.