4 кабыргасы, манжасы сынган… Ошто аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелип жаран кармалды

22-февраль күнү Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны бир күн мурда күйөөсү мас абалда келип, сөгүп жана аны уруп, жараат келтиргендигин көрсөтүп, күйөөсүнө карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Мындай зомбулук бир нече ирет буга чейин дагы болуп келгендигин айткан. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Арыздануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы жабык түрдө, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген. Аталган факты боюнча күйөөсүнүн аракетинде 177-беренесде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болгондуктан кылмыш иш козголгон. Тергөө тапшырмалары берилип, жабырлануучунун күйөөсүн суракка алып келүү көрсөтүлгөн. Бирок ал тергөөгө келбей изин жашырып кеткен.

Кечээ, 8-март күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жеринен кармалды. Ал көрсөтмөсүндө окуя болгон учурларда мас абалда болгонун, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алаарын билдирген. Мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 41 жаштагы жарандын аялына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизди. Тергөө иши аягына чыгарылып, сотко жөнөтүлөт.