11-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“коррупция”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды тинтүү жана кармоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкердиктин субъекттерине жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй турган.
— Салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгы, ишкердиктин субъекттеринин чарбалык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимдери жана башка тиешелүү документтер алынган.
“Кызыл-Кыя – автожол”, “Кызыл-Кыя – темир жол” көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, “Спорттук общак” деп аталгандын мүчөлөрүнүн жашаган жеринде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкердиктин субъекттери “МБанк” мобилдик тиркемеси аркылуу ортомчуларга 300 доллар төлөп, андан кийин “Спорттук общактын” мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөнү аныкталды. Ошону менен бирге, Бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу активдүү экспорттоонун негизинде Кыргыз Республикасында көмүрдүн баасы жогорулаган.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.