5 жыл мурда унаасынан 30 килограмм гашиш табылган жаран кармалды

Баңгизат каналын уюштурганы үчүн мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

30-сентябрда УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат каналын уюштургандыгы үчүн мурда издөөдө жүргөн ири баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды.

«2017-жылы атайын операциянын жүрүшүндө, эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып бөгөт коюлган. Анын натыйжасында Ош облусунун 1964-жылы туулган тургунунун унаасы токтотулуп, унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 30 килограмм болгон «гашиш» табылган. Бирок кармоо учурунда шектүү белгисиз тарапка качып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып келген. Азыркы учурда баңги топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат»,— деп айтылат маалыматта.