Бишкекте сойкукана уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкектеги Кулиев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде аял сойкулук менен алектенүү үчүн жай уюштургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалыматты текшерүү учурунда факты тастыкталып, тергөө кызматына 1965-жылы туулган шектүү жеткирилип, камакка алынган. Мындан тышкары, сойкулук менен алектенип жаткан кыздар аныкталып, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренеси (сойкулук менен алектенүү) боюнча административдик протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Кыздардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, интимдик кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражатынын 50 пайызы уюштуруучуга төлөнүп турган. Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.








