«500 миң сом же унаа». Бишкекте жаранды сабап, акча талап кылгандар кармалды (видео)

Бишкекте пара талап кылууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Милицияга шаар тургуну кайрылып, чала тааныш 2 адамга карата чара көрүү өтүнүчүн айткан. Анын айтымында, алар 26-сентябрга караган түнү БМВ Х6 үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып, денесине залал келтирип, 500 миң сом өлчөмүндөгү акчаны же арыз ээсине таандык Гольф унаасын талап кылган. 

Аталган факты катталып, кылмышка шектүү катары 1992 жана 2001-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган.