Сокулукта 52 жаштагы аялды сүзгөн мотоциклдин айдоочусу кармалып, камакка алынды

Бишкек-«Манас» аэропорт унаа жолунда 52 жаштагы аял кишини кагып кеткен жаран Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-сентябрда саат 19:30 чамасында Сокулук РИИБге Манас айылынын тушунда жөө жүргүнчүнү мотоциклист кагып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Анда 1992-жылы туулган жигит мотоцикли менен 1969-жылы туулган Учкун-2 конушунун тургунун сүзүп кеткени аныкталган. Аял киши алган жаракатынан көз жумду. Ошол эле күнү унаа жолдо жарышып мотоцикл айдагандарга каршы болгон 100гө чукул конуштун тургундары чогулуп, жолду буушкан. Түшүндүрүү иштеринен кийин жолду кайра ачышты.

Кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери барып, факты каттоого алынып, 297-беренеге ылайык кылмыш иши козголду. Мотоциклдин 1992-жылы туулган айдоочусу Сокулук РИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.