«55 миң долларлык унааны сатууга жардам берем деп». Ошто алдамчылыкка шектүү кармалды

Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 24-декабрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, анын 55 миң долларлык Land Rover унаасын сатууга жардам берем деп ишенип, кесепетинен жабырлануучу унаасыз калган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

Биринчи Май РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагынан кылмышка шектүү жаран кармалды. 1993-жылы туулган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.