Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 21-октябрдан 28-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 4078 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу — 56 айдоочу;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 14;
- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу — 35;
- Жасалма номур менен унаа башкаруу — 3;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 70;
- Башка жол эрежелерин бузуулар — 3914;
293 авто унаа ар кандай жол эрежелерин бузганы үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.