«7 адамга 4 керебет». Оштогу тергөө абагында мыйзам бузуулар аныкталды

6-сентябрда Кыйноолорду алдын алуу борборунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери №-5 тергөө изоляторуна атайын алдын алуучу иш сапар менен барышкан. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Өкүлдөр ал жакка Ош шаарындагы, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы убактылуу кармоочу изоляторунан которулуп келген жарандар менен баарлашуу жүргүзүшкөн.

«Биринчи режимдик имараттын №26 камерасында кармалгандарды жайгаштыруунун чеги сакталбай: 7 адамга төрт керебет бөлүштүрүлгөн. Мындан тышкары, камеранын аянты «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинде көрсөтүлгөн аянт ченемине туура келбейт. Экинчи режимдик мекеменин №31 камерасында да адамдар көп: 6 керебетте 8 адам жатат, бул мыйзамга каршы келет”, — деп айтылат маалыматта.

Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мыйзам бузуу фактылары боюнча акт түзүштү. Алар жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратурага кайрылуу жөнөтүп, анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №25 мекемесиндеги мыйзам бузууларды четтетүү боюнча прокурордук иликтөө жүргүзүү өтүнүчү жазылган.