7 ай мурун камакка алынган депутат Төрөбай Зулпукаров бошотулду

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту. Судья Нурдин Ибраимов УКМКнын тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын жокко чыгарды.

Саясатчы 7 ай мурда, тактап айтканда, май айында Кумтөр иши боюнча кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Кийинчерээк Башкы прокуратура Асылбек Жээнбековду менен Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун киргизген. Бирок Жогорку Кеңеш депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуудан баш тарткан.