«7 кабыргасы сынган». Жалал-Абаддагы токойдо 20 жаштагы жигит киши колдуу болду

Жалал-Абад адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

14-июнь күнү саат 10:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курорт тилкесиндеги адырда мисте токоюнда 20-25 жаш чамасындагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы туурасында милицияга маалымат түшкөн. Маалыматтын негизинде Жалал-Абад ШИИБдин жана Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам топтору окуя болгон жерге барган учурда, жогоруда көрсөтүлгөн окуя болгон жерде кыргыз улутундагы жашы 22-25 жаштагы эркек баланын денесинде жаракаттары бар жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерге фото-видео каражаттарды колдонуу менен кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жердин схемасы түзүлүп, табылган өлүккө үстүртөн кароо жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө маркум Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургуну экендиги такталган. Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин баш бөлүгүнө келтирилген жаракаттан улам баш мээге кан куюлгандан улам каза болгондугу жана анын 7 кабыргасы сынгандыгы аныкталган.

Кылмышка шектелип, Сузак районунун 2001-жылы туулган тургуну кармалып, 2 айга камакка алынган. Учурда калган кылмыштуу шериктерин кармоо иштери жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.