Хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Фрунзе менен Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгүн булгаган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев айдоочуга туура эмес иш-аракети жана жолду булганышын алдын-алуу чаралары көрүлбөгөндүгү үчүн эскертүү берди. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан айдоочуга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, айдоочуга шаардын жол тармагынын булганышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана жакшыртуу нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.