845 сайгак мүйүзүн Казакстандан Кытайга мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду

Жоголуп кетүү коркунучунда турган — 160 килограмм (845 даана) ашык сайгак мүйүздөрү, Казакстандан Кытайга жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз сатуу жана ташуу аракети аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Сайгак мүйүздөрү Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен алынып бара жатканы аныкталган. Негизги кылмышкерлер мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган. Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинен чакырылган эксперттер, Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлү экспертизанын жыйынтыгында бул мүйүздөр «Сайга татарика» (сайга) мүйүздөрүнө таандык экенин тастыктаган.
Маалымат иретинде: Өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр эл аралык Кызыл китепке «Жок болуу алдында турган түрлөр» статусу менен киргизилген. Азыр сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Орусияда (Астрахан облусу жана Калмакия) жашайт. УКМК Жаныбарларга, анын ичинде эл аралык Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылуу жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга алып келет.