Талас районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
31-июль күнү Талды-Булак жана башка айылдардан 6 жаран арыз жазышкан. Алар июнь жана июль айларынын ичинде жалпысынан 9 баш уй жана 26 баш коюн белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча кайрылган. Ал фактылар катталып, 205-берене менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иши боюнча Талас районунун жана Айтматов районунун 26 жаштагы 3 жараны кармалды.