Алдын ала даярдалып жаткан оор кылмышка бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлеринин аракети менен буйрутма киши өлтүрүү фактысына бөгөт коюлду. Оор кылмыштын уюштуруучулары жана шериктери аныкталып, кармалды.
«Оор кылмыш жасап, соттолгон адамдар киши өлтүрүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан соттолгон жаран өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөшүн өлтүрүүнү көздөп, буйрутма аткарууга киши издеп жаткандыгы аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш ортодо карыз акчадан болгон кастыктан улам уюштурулган. Адам өлтүрүүнү көздөгөн жаран өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча соттолгону жана ал мурун мамлекеттик кызматында иштегени маалым болгон. Ал «жок кылууну» ниеттенген жаран анын мурдагы бизнес өнөктөшү болуп, отставкадгы полковник экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Топтолгон материалдардын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин «киши өлтүрүүгө даярдануу» боюнча кылмыш иши козголгон. Буйрутма берген адам киши өлтүрүү фактысы кокустуктай болушу керек деген шарт коюп, фото жана видео жөнөтүүнү талап кылган. Ошондой эле, «жумуш кылгандан» кийин 30 миң доллар акчаны бирөөлөр алып келип берерин айткан. Ыкчам кызматкерлер адам өлтүрүүнү жасалма кылып уюштуруп, кылмыштуу буйрутманын аткарылышын тастыктаган фото жана видео даярдашып, буйрутма аткарылганын ырастоо үчүн жөнөтүлгөн. Буйрумта аткарылганына ишенген «кардар» акчаны төлөп берген.
15-декабрда «адам өлтүрүү» үчүн акчалай сыйлык алып келген 32 жаштагы жаранды кармашты. Ал жаран кылмышка буйрук берген адамдын жакын тууганы болуп чыгып, камакка алынды. Азыркы учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.