Абакта отурган жаранга акча берүү үчүн акчаны шымдын белине катышкан (видео)

Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү колониясында соттолгондорго мыйзамсыз акча киргизүү аракети токтотулду. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-колониянын контролерлору абакка киргизүүгө берилген баштыктын ичин текшеришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө, шымдын белине тигилген 2000 сом акча аныкталган. 

Факты каттоого алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.