Абактан чыгабы? Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевге байланыштуу ишин кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун чечиминде айтылат.

«Маалым болгондой, мурдагы президенттин адвокаттары Жогорку Сотко арыз менен кайрылышкан. Алар ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо керектигин белгилешкен. Ошентип, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевге карата ишти кайрадан карайт», — деп айтылат маалыматта.

Ал бул иштин алкагында 11 жылга соттолуп, камакта болчу. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу мурдагы президентке карата иш Биринчи Май райондук сотунда каралат.