Бүгүн, 22-ноябрда Адахан Мадумаровдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өзүн суракка алып кетишкен. Бул тууралуу Kaktus.media саясатчынын телеграм каналындагы билдирүүгө таянып жазды.
Андагы маалыматка ылайык, Мадумаров менен кошо анын уулу Нурмухамед Мадумаров менен келини суракка жеткирилген. Мындан сырткары экс-депутат Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Андан кийин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев суракка алынганы жазылган. Ошондой эле «Апрель» телеканалынын мурдагы жетекчиси, журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп, өзү ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилгени маалымдалды.
Алардын баары массалык баш аламандыкка чакыруу беренеси боюнча сурак беришүүдө.












