Адахан Мадумаров райондук сотко жеткирилди

Бүгүн, 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумга судья Мирбек Сатарбек уулу төрагалык кылууда.

Мадумаровду сот залына алып барышты. Буга чейин жарыш сөз башталып, мамлекеттик айыптоочу сөз сүйлөгөнү маалымдалган. Бүгүн, 26-мартта саясатчынын адвокаттары сөз сүйлөйт.