Адам өлтүрүүгө аракет кылган делип, 7 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусияда кармалып, экстрадицияланды

Оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Орусиядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылы атайлап саламаттыкка анча оор эмес залал келтирүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелеринин негизинде издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Орусиянын аймагынан кармалып, мекенине экстрадицияланды. Аламүдүн РИИБ тарабынан 1993-жылы туулган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) жана 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча издөө жарыяланып, ал тергөө жана сот органдарынан качып жүргөн.

2014-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында бир топ балдар 1990-жылы туулган жана 1989-жылы туулган жарандарды катуу сабашкан. Жабырлануучулардын бири денесине оор жаракат алып, өмүрүнө коркунуч келтиргени аныкталган. Буга чейин аталган кылмышка шектелип алты жаран кармалып, аларга айыбы угузулуп, иш сот органдарына жөнөтүгөн. Алардын ичинен эки жаран из жашырып жүрүп, кийин башка өлкөдөн кармалып келген. Жогорудагы шектүү жети жылдан ашык из жашырып жүргөн. 2021-жылдын жай айында издөөдө жүргөн шектүү Якутияда кармалган. Февраль айынын башында ал өлкөгө экстрадицияланып, учурда тергөө абагына камакка алынды.