Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан активист Максат Касенов үй камагына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 1 ай үй камагында болот. Кийинки соттук отурум 24-августка белгиленген.
1-октябрда социалдык тармактарда активист Максат Касеновдун достору аны белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу айтып чыгышкан. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берип, анын адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатканын билдирген.