Адвокат: «Жолдошу тарабынан бычакталган келин оор абалда жатат»

Бишкекте жолдошу тарабынан бычакталган келин ооруканада оор абалда жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, адвокатка келиндин апасы кайрылган. Апасынын айтымында, кызы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган, тактап айтканда, жолдошу тарабынан такай ур-токмокко алынып жүргөн. «Акыркы жолу ал кызыма жумушунда жүргөндө кол салган экен. Бөйрөк тушуна 4 жолу бычак сайган. Бутунда да жаракаттары бар. Ал ооруканада оор абалда жатат», — деди апасы.

Адвокаттын айтымында, келиндин жолдошун Ленин РИИБге алып кетишкен, бирок ошол эле күнү бошотуп жиберишкен. Милиция аны камоого себеп жок экенин айткан. Мындан тышкары, келиндин жолдошунан корккондугу, анын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылды.