Бишкектеги толук курулуп бүтө элек үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, куруучулар Садырбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн курулушун 2-июлда саат 11:00 чамасында улантып башташкан. Алар үйдүн ичиндеги эски тактайларды алып жатып, адамдын жансыз денесин табышкан. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган. Маркумдун аты-жөнү жакындары тарабынан 3-июлда аныкталган. Анын 2020-жылдын 9-январында Ынтымак конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Канат Асанов экендиги аныкталган.
2020-жылдын 11-январында туугандары Канат Асановдун дайынсыз болуп жатканын айтып, милиция кызматкерлерине кайрылган болчу. Аны издөө иштерине бир тууганы — 46 жаштагы Кубат Асанов да чыккан. Ал 15-январда бир тууганын издеп чыккан бойдон дайынсыз жоголуп, сөөгү февралдын башында өлүкканада табылган.