Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго Садыр Жапаров ырайым көрсөттүбү? ЖАМКнын жообу

«Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов эркиндикке жаза өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

ЖАМКтын басма сөз кызматынан мындан башка маалымат берилбей турганын билдиришти.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы — Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Айбек Калиевге ырайым кылганы, ал азыр эркиндикте экени айтылган.