«Айчүрөк» соода борборундагы жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат берген келин үй камагына чыкты

«Айчүрөк» соода борборуна жардыруучу зат коюлду делген жана барымтага алынгандар тууралуу жалган билдирүү берген келин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Буга чейин 26 жаштагы аял Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган.

9-августта укук коргоо органдарына «Айчүрөк» соода борборуна коюлган бомба тууралуу билдирүү түшкөн. Имарат курчоого алынган, ал жактагы жарандар жана сатуучулар эвакуацияланган. Бир нече сааттык издөө иштеринен кийин жардыруучу зат табылган эмес. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин «Террористтик акт жөнүндө  жалган билдирүү» беренеси боюнча каттоого алынган