Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Суусамырда катталган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.
«7-апрель күнү саат 15:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымынан Тойота-Альфард оң рулдуу унаасы бара жатып, алдын ала маалыматтар боюнча жолдогу аңдан качып, жолдун каршы тилкесине чыгып, Хонда-Степвагон унаасын сүзүп, жол кырсыгына учураган.
Жол кырсыктын кесептинен Хонда-Степвагон унаасынын айдоочусу көз жумган жана унаалардын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан 6 жаран Жайыл районун аймактык ооруканасына кайрылган. Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнүн тергөөчүсү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүрүүдө», — дешти.