Ысык-Көлдө унаа жолдогу оңдоо иштери жүрүп жаткан аңга түшүп кеткен. Видеону блогер Эртай Искаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, кырсык Темир айылында болгон. Унаа Балыкчы-Каракол жолу менен күн батыш тарапка бара жатып, курулуп жаткан көпүрөнүн жанындагы аңга түшүп кеткен.
Милиция маалымат берип, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, жол оңдоо иштери жүрүп жаткан көпүрөгө кирип кеткенин билдирди. Ал жерде атайын жол белгилери коюлганына карабастан, айдоочу алаксып кетип, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан тилкеге кирип кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу учурда ооруканада.
Посмотреть эту публикацию в Instagram








