«Айдоочулук күбөлүгү болгон эмес». Чүйдө 16 жаштагы кыз унаа менен тоголонуп кетип, 1 адам көз жумду

Чүйдө 16 жаштагы кыз Хонда-СРВ унаасы менен кырсыкка кабылып, унаадагы 1 адам каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 11-март күнү саат 16:30 чамасында катталган. 2006-жылы туулган кыз Бишкек — Ала-Арча жолунун 13,500-чакырымында бара жатып рулга ээ боло албай, ала салып тоголонуп кеткен. Милициядан билдиришкендей, кызда айдоочулук күбөлүк болгон эмес.

Кырсыктын кесепетинен:
1) айдоочу 2006-жылы туулган А.кызы А.
2) жүргүнчү 2006-жылы туулган С.М.Э.
3) жүргүнчү 2006-жылы туулган Э.А.Э.
4) жүргүнчү 2006-жылы туулган М.А.Т. Бишкек шаарынын 4-ооруканасына жаткырылган.
5) жүргүнчү 2006-жылы туулган З.А.З окуя болгон жерден каза болуп калган.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кыз атасынын унаасын сурабай айдап кеткен. Каза болгон 16 жаштагы өспүрүм айдоочунун классташы болгон.