Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү. Сот айыпталуучуларга өкүм чыгарды

Стамбул соту ишкер Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча 7 айыпталуучуга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Turkish Sabah жазды. 

Маалыматка караганда, Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самера Баргута “мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган” деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Энвер менен Ахметалиев атайылап киши өлтүрүү боюнча дагы өмүр бою эркинен ажыратылган, уруксатсыз курал сактагандыгы үчүн 2,5 жылга эркинен ажыратылган жана 500 миң лира айып пул салынган. 

Эсад Эль-Хатиб, Али Исбех жана Али Эл Хак Али “куралдуу террордук уюмга билип туруп, өз ыктыяры менен жардам берген” деген айып менен 3 жыл 1,5 айга эркинен ажыратылды. Нормахат Арифонов «террордук уюмга көмөк көрсөткөн» деп 3 жыл 1,5 айга, далилдерди жок кылган жана жашырган деп 2 жыл 1 айга кесилди. 

Айеркен Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарынын Фатих районундагы кафелердин биринде атып өлтүрүлгөн. Саймаитинин айрым кыргызстандык саясатчылар менен түшкөн сүрөтү жарыялангандан кийин Жогорку Кеңеш анын өлтүрүлүшүн иликтөөнү чечкен. Бажыдагы контрабанда жана коррупция боюнча журналисттик иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Басылма кытайлык ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда белгисиз адамдар тарабынан бир нече ирет коркутуп, Түркияга качып кеткенин белгилеген.