Каракчылыкка шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Ала-Тоо» аянтында пакистандык жаранды тоноп кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда, пакистандык жаран аны тоноп кетишкенин айтып, арыз жазган. Ага күч колдонуп iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 800 долларын тартып алышкан.











