Айланма жолдо маршрутка менен жеңил унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен Алма-Ата менен айланма жолдун кесилишинде катталган. Анда эл ташыган маршрутка менен Honda Odyssey кагышкан. Кырсык болгон жердин видеосу «Короче» Telegram-каналына жарыяланды. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кырсыктан 15 адам жаракат алган.