Айланма жолдогу жол кырсыктан 2 адам көз жумду (видео)

Айланма жолдо маршрутка менен жеңил унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен Алма-Ата менен айланма жолдун кесилишинде  катталган.  Анда эл ташыган маршрутка менен Honda Odyssey кагышкан. Кырсык болгон жердин видеосу «Короче» Telegram-каналына жарыяланды. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кырсыктан 15 адам жаракат алган.