Бишкекте сойкулук менен алектенүүгө тартуу ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына белгисиз жаран интернет аркылуу жумуш тууралуу жалган жарыя жарыялап, жогорку айлык убадасы менен 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздарды акчалай негизде интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө мурда ушул эле берене менен соттолгон, 1982-жылы туулган жаран аныкталган. Тергөө иш-чарасы улантылууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











