Буга чейин, Ички иштер министрлиги 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген Кумарбек буга чейин кылган кылмышы үчүн алган жазасын жеңилдеттүү үчүн жактоочусу аркылуу сотторго акча бергендиги тууралуу айтканын маалымдаган.
Кумарбек жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан тартылуудан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен.
Топтолгон материалдардын негизинде жактоочу кармалып, ага карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып алынган. Судьялар кеңеши шектүү Кумарбектин ишин караган судьяларды жана прокурорду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштаманы колдогон. Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.
Тергөө иштери уланууда.












