Айыптоочу соттон акын Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну сурады

Кечээ, 23-январда Чүй облусунун Москва райондук соту акын Болот Назаровдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин карады. 

Адвокат Бакыт Автандил соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу алмашканын билдирди. Тараптардын талкуусунда прокурор айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. 

«Мен коюлган айыпты абсурд деп эсептейм. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Болот Назаров жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөтүп, жылкысын тартып алган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” беренеси менен айыпталууда. Бирок сотто бул балдар көрсөтмө беришкен, аларга эч ким күч колдонгон эмес”, — дейт жактоочу.