Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш аны уурдап, кийин муунтуп өлтүрүүгө шектелген Замир Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.
Кылмыш иши боюнча сот 27-майга белгиленген. Сот отуруму ачык болот. Жактоочунун айтымында, милиция кызматкерлеринин кайдыгер мамилесинин айынан келтирилген зыян боюнча ачылган кылмыш ишин УКМК иликтейт. “Алдыдагы соттук отурумда уурдоого катыштыгы бар 5 жарандын иши каралат. Бирок бул экиге бөлүнгөн иштер, коомчулук үчүн бир көрүнүш катары каралат”, — деди адвокат.
27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө иши жыйынтыкталып, материалдар 30-апрелде Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) жана 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аталган фактылар бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирилген.