«Буга чейин кыз зордуктаган». Айзаданы өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаевдин эски кылмыштары калкып чыкты

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев буга чейин бир кызды муунтуп, анын курбусун 3 жолу зордуктаган. Бул тууралуу кордук көргөн кыздардын бирине таянып, «Азаттык» жазып чыкты.

Жабырлануучулардын бири Айгүл «Азаттыкка» Замирбек Теңизбаев менен кандай жагдайда таанышканын айтып берген.

Курбу кызымдын үйүндө анын сиңдиси менен отургам.  Кечинде курбум кызуу болуп келди. Мен аны жуунтуп жаткырып койдум. Анан эле бирөө анын артынан эшикти такылдатып, үйгө кирүүгө аракет кылды. Мен чочулап каалганы ачпай койдум. Болбой эле эркек киши эшикти жулуп кирип, дароо эле мени муунтту. «Өлтүрөм сени, рожаң противный, 5-этаждан ыргытып жиберем» деп балконго алып чыгып коркутту. Аны менен эки сааттай кармашып, аягында жердеш экенбиз деп алдап, курбумдун жанына жаткырып койгом.

Замирбектин кызды муунтуп жаткан учурун курбусунун сиңдиси телефонго тартып калган. Айгүл эртеси Бишкектин Октябрь РИИБине барып арыз жазып, соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Бирок ошондо тергөөчүлөр да, милиция кызматкерлери да ишке кайдыгер мамиле кылышканын айтат.

Тергөөчүлөр мени шылдыңдап коюшту. «Сен өзүң себепкерсиң. Бул айып пул төлөп коёт. Кармалса, 1-2 айга эле камалат» деп ар нерсени айтышты. Аябай көңүлкош мамиле кылышты. Абдан ыза болдум. Өзүм шок болуп жүрөм. Моюнумдун баары кызыл ала так болгон. Ошондон кийин бир-эки айдын ичинде эле Москвага кетип калдым.

Айгүл ошондо эле Замирбек Теңизбаевдин коркунучтуу адам экендигин милиция кызматкерлерине жандалбастап айтып, аларга эскерткен.

Тергөөчүлөргө «Бул оорулуу адам, карагыла муну, издеп тапкыла! Бүгүн мени муунтса, эртең бирөөнү өлтүрөт! Силер адам өлгөндө карайсыңарбы?» десем, милиционерлер «Сени өлтүргөн жок да» деп кайра шылдыңдап жатышпайбы… Ошондо «Силер карабасаңар, бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт» дегем…

Быйыл 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген каргашалуу окуядан кийин Айгүл Замирбек Теңизбаевди таанып, Бишкектеги курбусуна байланышып, аны менен сүйлөшкөн.

Курбум мага эми гана Замирбектин кылык-жоруктарын айтып жатпайбы. «Мени үч жолу зордуктаган. Кудайдан «өлүп калса экен» деп тилечүмүн. Мени коркутчу. Коркконуман сага эч нерсе айткан эмесмин» деп жатпайбы… Зайналдын мурунку аялы – казак, Казакстандан. Эгиз балдары бар экен. Эбак эле ажырашып кеткен экен.