Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөөгө бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, ИИМдин Ички аскерлеринен 209 кызматкер, туугандарынан 24 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.