Ак-Буура каналына чөгүп кеткен 52 жаштагы киши изделип жатат

Оштогу Араван-Ак-Буура каналына 52 жаштагы киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

8-август күнү Жаңы-Жол айылында агып өткөн Араван-Ак-Буура каналына 1970-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Араван райондук №64 ӨКБдан 19 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган.