Ак-Ордо конушунда мамыга байланган жарандын туугандары милицияга арыз жазуудан баш тартышты
Ак-Ордо конушунда уурулук кылган делип, жол боюндагы мамыга байланган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурулук кылууга шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 20-июнда Чүй ОИИБден саат 16:00 чамасында жергиликтүү тургундар уурулук кылган делген кишини кармап алышканын, ал жерге барган милиция Ак-Ордо конушунда тургундар телефон жана башка буюмдарды уурдап алган делген кишини мамыга байлап койгонун аныктаганын, милициянын бөлүмүнө 1965-жылы туулган жаран" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/chyido-jol-boyundagy-mamyga-bailangan-jaran-tuuraluu-milicziya-maalymat-berdi/"> жеткирилгенин билдиришкен.
Бүгүн, 21-июнда шектүүнүн туугандары анын психикалык ооруканада дарыланып чыкканын, тизмеде турарын, ал өзүнүн кыймыл-аракеттерине жооп бере албасын айтышкан." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ak-ordo-konushunda-mamyga-bailangan-jaran-tuugandary-anyn-psihikalyk-jaktan-jabyrkaryn-aityshkan/">айтышкан. Соцтармаккка тараган видео боюнча милицияга арыз жазышпай турганын, эч кимге доосу жок экенин билдиришти. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.