Ак-Ордо конушундагы үйдөн 760 миң сом уурдалды. Шектүүлөр изделүүдө

Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда уурулук катталды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Үй ээлери бир-эки күн үйдө болгон эмес. Учурдан пайдаланып кылмышкерлер үйгө кирип, 760 миң сом уурдап кетишкен. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталган. Милиция кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.