Социалдык тармактарда Бишкектин Ак-Ордо конушунда бир тууган иниси менен эжесин өлтүрүүгө шектелип кармалган 19 жаштагы жигиттин атып өлтүрүлгөндөгү сүрөтү жарыяланды. Бүгүн, 14-октябрда ИИМ Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран качкан учурда жок кылынганын билдирген.
«Кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда кызматтык куралды колдонушкан. Шектүү алган жаракатынан каза болгон. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө», — деп айтылган маалыматта.











